Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Бүгүн, 14-июнда TikTok социалдык тармактарда бозгун президенттин иниси Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келгендиги тууралуу видео тарады.

Bulak.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү.

Видеонун түп-нускасын алгач _____kaden_ аттуу Instagram колдонучуусу өзүнүн баракчасынын тарыхчасына бөлүшкөн. Анда ал Орозгүл Токторбаевага гүл берип, учурашканын көрүүгө болот. 

MyCollages 4 Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Ошондой эле ал тартылган видеого Токторбаеваны кошо белгилеп: “Копилкамда дагы бир сонун күн. Менин жакын эжем учуп келди. Кош келиңиз!” ,- деп жазган ал.

Анын Instagram’да белгилеген видеосун жана сүрөтүн Токторбаева бүгүн, 14-июнда өзүнүн баракчасына дагы бөлүшкөн.

photo 5210812726652291507 y Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Анда ал видеодон кара баш кийим жана футболко кийген баланы байкоого болот. 

Биз бул адамды аныктоо үчүн Токторбаеванын Instagram баракчасынын катталуучуларынын арасынан Бегайым Жумаева жана Эльдияр аттуу адамды таптык. Жумаева дагы өзүнүнүн баракчасынын тарыхчасына Орозгүл Токторбаева жана кара түстөгү баш кийим кийген бала менен түшкөн сүрөттөрүн бөлүшкөн.

photo 5210812726652291557 y Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Ал эми Эльдиярдын баракчасында Минск шаарында жана Орозгүл Токторбаева менен түшкөн сүрөттөрүн көрө алдык. 

Ал Токторбаева менен түшкөн сүрөттүн астына “апам” (мама) деген жазууну калтырган.

Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Эми жаңы тартылган видеодонун артындагы фонго көз чаптырсак, анда “Санжыра” деген жазууну жана оймо-чиймелерди байкоого болот. “Санжыра” этно рестораны Ош шаарында жайгашкан.

MyCollages 2 2 Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Ресторандын Instagram баракчасында боз үйдүн ичиндеги жасалгалар менен Токторбаева бөлүшкөн видеонун арткы фону дал келет. 

Орозгүл Токторбаева тууралуу эмне белгилүү?

Орозгүл Токторбаева качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин аялы. Токторбаева 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Минскке кеткен. Алардын ортосунда бир уул, бир кыз бар. Орозгүл Токторбаева ырчы экени белгилүү. 

Жаныш Бакиев Жазык кодексинин бир катар оор кылмыштары боюча айыптуу деп табылган. Ага өмүр бою камакка алынсын деген сырттан жаза өкүмү чыккан. Генералдык прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын бир нече жолу маалымдаган.

2021-жылдын 27-январында Токторбаеванын Кыргызстанга кайтып келгени белгилүү болгон. Анда ырчы Айчүрөк Султанова Facebook барагына Токторбаева менен түшкөн сүрөтүн чыгарып,  бирок көп өтпөй сүрөттү өчүрүп койгон.

Фактчек: Бакиевдин жубайы Кыргызстанга келдиби?

Жыйынтык: Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева баласы Эльдияр менен Кыргызстанга келгени чын.