ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы түштүк регионундагы түзүм бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн текшерди


14-июнь күнү ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов түштүк регионунда жайгашкан күзөт бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерип, анын жыйынтыгы менен Ош шаарынында ыкчам кенешме өткөрдү. Анда, кетирген кемчиликтерди жоюу жана Ош шаарында “Санарип күзөт” программасын ишке ашыруунун негизинде иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу боюнча тапшырмаларды койду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам кеңешменин алдында ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Станбек Бакировду ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү. Андан соң жаңы дайындалган жетекчилер тааныштырылды:
ИИМдин 2023-жылдын 12-июнундагы өздүк курам боюнча буйругу менен милициянын полковниги Алмаз Акылбеков ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ушул эле кызматтын түштүк башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

f3ac6657 70da 42cf aadf 6f70be12518d ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы түштүк регионундагы түзүм бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн текшерди