Милиция кызматкерлери кызматтык унаада арак ичишкен    

Социалдык тармактарда болжолдуу Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери мас абалында жүргөн видео жарыяланды.

Автор видеону Бөкөнбаев айылында тартканын айтат. Кадрда милициянын унаасында арак ичип, тартип сакчылары мас абалында, бирөөсү (жарандык кийимчен) бутуна тура албай жатканын көрүүгө болот.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жарыяланган видео факты боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.