КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Жалал-Абад шаарындагы аялдар жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тергөө абагына барды

Акыйкатчы кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышты. Баардыгы болуп аталган абак 67 орунга эсептелген. Башкы укук коргоочу барган учурда аталган жабык мекемеде 37 адам бар экени белгилүү болду. Алардын 23ү-аялдар, 14ү-өспүрүмдөр (үчөө кыздар).

Акыйкатчы камерларга кирип абакта жаткан аялдар жана өспүрүмдөр менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү.

Камералардын бириндеги аял абактын кызматкерлери жок өзүнчө сүйлөшкүсү келгенин айтты. Ал соттун ага карата чыгарган баш коргоо чарасы боюнча чечимге-тергөө абагында кармалып турганына нааразы болду.

Дагы башка бир камерада кичинекей кызы менен камалган 32 жаштагы аял кызынын ооруп жатканын, тагыраагы анын баш мээсинде кан басымы жогору экенин айтып арызданды. Акыйкатчы барган учурда эки жашка толоюн деп калган кыз бешикте уктап жаткан. Абак кызматкерлеринин айтымында, балалуу аялга сейилдөөчү камерада баласы менен жүрүүгө мүмкүндүк берилет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын берген маалыматына таянсак, аялдын 5 жаштагы уулун анын бир тууган эжесинин кароосуна беришкен.

Ноокен райондук сотунун чечими менен аялды тергөө абагына эки айга камашкан. Ал анын жана баласынын укуктарын коргоону сурап кайрылды. 

Ошондой эле башка камерада 31 миң 500 сом карызы  үчүн камалган аял бар экен. Прокуратура берген маалыматка таянсак, ал аталган карызды 2023-жылдын 26-сентябрында төлөп берген. Бирок ошого карабай соттун чечими менен эки айга камалган.

Акыйкатчы тергөө абагындагылардын арыз-даттанууларын жеке көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы сот жана укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура органдарына кармалган аялдардын жана баланын укуктарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен кайрылды.

Пресс-релиз жарыялана турган маалда аялдын жактоочусу Акыйкатчы институтуна Ноокен райондук соту балалуу аялдын иши боюнча чечим чыгарганын кабарлады. Соттун чечимине ылайык, аялды эки жылга пробация колдонуу менен абактан бошотушкан.

Мындан тышкары абакта Акыйкатчы институту кейсин карап жаткан аял жок болуп чыкты. Сөз Бишкек аэропортунан кармалып жана Ошко жөнөтүлгөн К. А. тууралуу болуп жатат.

Тергөө абагынын кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, аны Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга тергөө иштери үчүн жиберишкен. Бирок ал Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда Акыйкатчы аталган мекемеде барган учурда жок болчу. Тергөө абагынын кызматкерлери Акыйкатчы аталган абакка келе турган күндүн алдында эле аялды жөнөткөнүн айтышты.

Белгилей кетсек, буга чейин, тактап айтканда сентябрь айында кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери анын кызынын укуктарын бузуп, ымыркай баласы бар экенине карабай алып кетишкенин ЖМКга маалымдаган эле.

Милиция берген кабарга таянсак, аял издөөдө жүргөн, аны КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.

Тергөө абагына баргандан кийин Акыйкатчы шаардын чет жагына курулуп жаткан жаңы тергөө абагынын курулушу кандай жүрүп жатканы менен таанышты. Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал участогунда жаңы тергөө изолятору курулуп жатыптыр.

Аталган жайдын курулушуна 1 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул участокко төрт кабаттуу, 200 орунга эсептелген имарат курулууда, объект тергөө абагына тиешелүү боло турган стандарттарга ылайык курулууда.

Ошондой эле аталган жерге административдик имараттын курулушу каралган. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери  берген маалыматка караганда, жаңы тергөө абагынын курулушу 2023-жылдын соңунда аяктаары күтүлүүдө.