Электровелосипедди автоунаа сүзүп, учкашып бараткан 18 жаштагы жигит каза тапты

Бишкекте 27-сентябрда унаа жолдун чети менен бараткан электровелосипедди машина коюп кетип, анда учкашып бараткан 18 жаштагы жигит мүрт кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Ага ылайык, Mazda-323 үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусу Тоголок Молдо көчөсү менен бара жатып, курьердин электровелосипедин сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу ичип алганы айтылды.

Кырсыктын кесепетинен велосипедге учкашып бара жаткан 18 жаштагы жигит каза болуп, рулдагы 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.