Новопокровкада № 40 автобус үйдүн дубалын сүздү

Жол-транспорт кырсыгы 27-сентябрда эртең менен саат 11:00 чамасында Новопокровка айылынын Кирпичная көчөсүндөгү акыркы аялдамада орун алган.

«Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын алдын ала маалыматы боюнча, № 40 маршрут боюнча бара жаткан Zhong Tong автобусунун айдоочусу токтоп жаткан учурда № 70 үйдүн дубалын сүзүп алган.

Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Жол кырсыгы каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө жана окуянын чоо-жайы аныкталууда.