
Баш калаадагы жолдордун сапатына нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Бишкек мэриясындагыларды блогер болуп кеттиңер деп сындады.
Ал парламентте шаар башчысы Айбек Жунушалиевге кайрылып, муниципалитеттин ишинин сапатына ичи чыкпагандыгын айтты.
Эл өкүлү жолду оңдоо боюнча түзүлгөн долбоорду мэрия баштап, анан подрядчыга өткөрүп берерин, бирок аягында мэриянын атайын департаменти сапатты көзөмөлдөшү керектигин эске салды.
“Жарымыңардан көбүңөр блогер болуп кеттиңер. Болгула, каршы эмесмин, бирок ишиңерди көрсөткүлө да. Анан калп айтпагыла, туура эмес маалыматтарды элге таратпагыла да…” — деди депутат.
Оңдоо иштеринде жолдун жабык турганы элди жүдөтүп жаткандыгын кошумчалады.
“Мыйзамдар силер мэр болуп келгичекти, силер министр болуп келгичекти эле жазылган. Силер ошого баш ийишиңер керек. Андай болбой, мыйзамдарды карабаганыңардан ушундай көйөгөйлөр чыга баштады”, — деди Көкүлов.
Буга чейин ЖКнын дагы бир депутаты Болот Ибрагимов Бишкектин жаңы салынган жолдорунун сапаты тууралуу көйгөйдү көтөрүп, видео менен көрсөткөн.






