Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы эми жумуштун сапатына жараша болот

Бишкекте «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Эми айлыктын көлөмү иш графигин, эмгек тартибин сактоого жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатына жараша болот.

Эгерде айдоочуга арыз түшүп, ал тастыкталса, анын айлыгы 20 пайызга чейин кыскартылышы мүмкүн. Ошондой эле айдоочу белгиленген жумуш убактысынын нормасын аткарбаса дагы төлөм азайтылат.

Жаңы системанын тартиби жумушчу жыйында ишкананын бригадирлери менен талкууланды. Мэрия бул чара айдоочулардын жоопкерчилигин жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатууга жардам берет деп эсептейт.

Эскерте кетсек, муниципалитеттин маалыматы боюнча, коомдук транспорттун айдоочуларынын орточо айлыгы июль айынын башындагы жогорулатуудан кийин 70 миңден 85 миң сомго чейин жетет.