
Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти.
Мыйзамга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо учурдагы мамлекет башчысынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Шайлоонун күнү Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
Кабыл алынган токтомго ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөт.






