
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелген 4 бала 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Маалым болгондой, Ала-Бука райондук сотунун чечими менен шектүүлөр 19-ноябрга чейин камакка алынды.
Белгилесек, окуя 18-сентябрда болгон. Анда 2011-жылы туулган Д.Р. Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгон. Бул факты боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалган.






