
Бишкекте №45 каттамдагы автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышты. Кырсыктын кесепетинен автобустун жүргүнчүсү жаракат алды.
Мэриянын маалыматы боюнча, кырсык 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана А. Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Анда Жибек Жолу көчөсү менен бараткан автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жол кырсыгы Кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.






