Аяз Баятов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болду

Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилесек, Аяз Баетов жакында эле БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.