
“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы 5-октябрда болот. Аренанын ачылышында шоу-концерт уюштурулуп, кирүү акысыз болот деп билдирди Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Туманбаевдин айтымында, иш-чара дээрлик 60 000 көрүүчүгө ылайыкташкан.
Билеттер этап-этабы менен таратылат. Биринчи этапта 10 000 билет пландаштырылган.
Билеттерди ticket.gov.kg сайтынан алса болот.






