
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча күч сынашкан кыргызстандык спортчу Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 60 кг чейинки салмак категориясында мелдешке чыгып, алгачкы беттешинде япониялык Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде жеңген.
Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Бүгүн, 21-сентябрда Дастан Каныбек уулу жарым финалда өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилди. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.






