Суусамырда KIA K7 менен Hyundai Sonata сүзүшүп, 6 адам каза болду

Суусамырда алты адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы каргаша 16-сентябрга караган түнү 01:41 чамасында Бишкек — Ош жолунун 167-чакырымында болгонун билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, борборду көздөй келе жаткан Hyundai Sonata айдоочусунун көзү илинип кеткен. Алгач унаа Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү чоң машинанын капталына сүрүлүп барып каршы тилкеге чыгып, KIA K7 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata унаасынын 33 жаштагы айдоочусу жана алдында отурган жүргүнчү каза болгон. Андан сырткары, KIA K7 автокөлүгүнүн 46 жаштагы айдоочусу, 53, 59 жана 36 жаштагы үч жүргүнчүсү мүрт кеткен.

Дагы үч киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылды.