“Бишкек Аренадагы” концерт: мэрия 18-сентябрда транспорт кандай каттай турганын айтты

Бүгүн, 18-сентябрда “Бишкек Аренада” чет элдик артисттердин катышуусунда чоң концерт өтөт. Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн шаар боюнча 250 шаттл-автобус уюштурулуп, алар саат 15:00дөн 18:00гө чейин беш багытта стадионго жеткирет.

Шаттлдар Асанбай кичирайонунан, Матиев көчөсүнөн, Жаштар кварталынан, Т. Фрунзе көчөсүнөн жана “Ынтымак” паркынан жөнөйт. Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурул

Мэрия концерт жумуш күнүнө туш келгендиктен жолдордо тыгын күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Шаардык коомдук транспорт болсо кадимки режимде иштейт – каттамдар кыскартылбайт жана кыймыл токтотулбайт.