“Бишкек аренанын” ачылышына жетим балдар үчүн 100 VIP-билет бөлүндү

Президенттин иш башкармалыгы “Бишкек арена” стадионунун 5-октябрда өтө турган ачылышына жетим балдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн 100 VIP-билет бөлдү. Бул тууралуу “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.

Иш башкармалык маалыматты тастыктап, билеттер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан берилип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, 106 жана 108-секторлор майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн. 138, 139 жана 140-секторлордогу орундуктардын бир бөлүгү белгилүү спортчуларга каралды.

Аталган секторлордогу бош орундар стадиондун расмий баракчасы аркылуу эл арасында ойнотулмакчы.

Беляев балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бул чоң окуя болуп каларын кошумчалады.