Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

11-февраль күнү президенттин Администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдын” Концепциясын көрсөттү. Bulak.kg редакциясы аныктап чыккандай, ал түрдүү булактардан жана Орусиядагы дипломдук иштен 100% көчүрүлүп алынган.    

Концепция деген эмне?

Буга чейин президенттин Администрациясы 90% Орусиядан көчүрүлүп алынган ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал мыйзам долбоорунун “автору” президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушов экени белгилүү.

Азыр ал документ атайын жумушчу тобу тарабынан каралып жатат. Ага президенттин Администрациясынын өкүлдөрү жана бир катар көз карандысыз журналисттер кирет. Иш башталар алдында журналисттер мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардан мыйзамдын Концепциясын талап кылышты.

Концепция же түшүндүрмө-маалым кат – бул мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын ачып берген документ – кабыл алуу себеби, максаты, идеясы жана кесепети. Жалпак тил менен айтканда мыйзамдын чыныгы зарылдыгын түшүндүргөн эң башкы документ.

Журналисттер документти өткөн жылдын декабрь айынан бери күтүштү. Алгач президенттин Администрациясы аны 30-декабрга камдоого сөзүн берсе, андан соң 1-февралга жылдырып койгон. Натыйжада Концепцияны 11-февралда гана көрсөтүштү. Медиа коомчулук түшүнүү менен карап, балким алар документти көпкө чейин жазып, эл аралык тажрыйбаны изилдеп, эксперттер менен кеңешип жаткандыр деп болжогон.

Беш булактан “копипаст

Бирок биздин редакция “Антиплагиат” системасы аркылуу текшергенибизде Концепция дээрлик 100% беш башка булактан көчүрүлүп алынганына күбө болду:

  1. 2017-жылдагы Казакстан Республикасынын “Казахстан Республикасындагы сөз эркиндигинин кепилдиктери тууралуу” жана “ЖМК тууралуу” Мыйзамдар долбоорунун Концепциясы;
  2.  “Россия Федерациясындагы сөз эркиндигине карата жарандардын укуктарын мыйзамдык жөнгө салуу” темасындагы дипломдук иш;
  3. Cabar.asia порталындагы “Интернетке кирүү укугу: Борбор Азия мисалында” аталышындагы макала;
  4. 1999-жылы Беларусь журналында чыккан “Беларусь республикасындагы эл аралык укук жана мыйзамдардагы сөз эркиндигин чектөө критерийлери тууралуу” макала;
  5. РФнын ТИМнин Дипакадемиясынын кандидаты Ермичева Елена Викторовнанын “Каражаттардын ишмердүүлүгүнүн эл аралык-укуктук аспектиси” аталышындагы кандидаттык иши;

Уурдалган концепция

Макала КР Конституциясы тууралуу башталып, андан кийинки 10 барак толугу менен Казакстан мыйзамдарынын Концепциясынан көчүрүлүп алынган.

image 25 5 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Текстке карап айтсак, Укушов эч кандай изилдөө жүргүзбөстөн жөн гана коңшулардан текстти көчүрүп алган. Маселен, казактардын версиясында азыр иштеп жаткан мыйзам Казакстандын Конституциясына каршы келет деп жазылган. Өз кезегинде Укушов казактыкын кыргыз Конституциясына алмаштырып эле койгон. Кыргызстандын “ЖМК тууралуу” мыйзамы КР Конституциясына каршы келери же келбесин текшерип көргөн эмес.

Кыргыз концепциясынын толук версиясы бул жерде, ал эми казак версиясы бул жерде.

image 25 6 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Жада калса каталарды көчүрүп алышкан

Белгилей кетсек, “копипаст” кылууда орфографиялык каталар да оңдолгон эмес. Мисалы, Концепциянын алтынчы барагындагы “правого” сөзү оригиналдагыдай эле катасы менен көчүрүлгөн. Негизи ал сөз “правового” деп жазылышы керек эле.

image 25 7 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Дагы бир мисал: “демократических стран” деген сөз айкашынын ордуна биздин башкы юрист Концепцияга “демократических стан” деп катаны көчүрүп койгон.

image 25 8 1068x257 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Жада калса “копипастты” да аягына чейин кылбай койгон – Концепциянын экинчи барагындагы сүйлөм толугу менен көчүрүлбөй калган:

image 27 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Оригиналда мына ушундай болгон:

image 26 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Плагиаттагы тандалма иш

Бирок бардыгы эле биз ойлогондой эмес. Бул документте тандалма аракеттердин элементи дагы бар. Концепциянын казак вариантында жаңы ММКларды каттоодо мажбур жолу менен эмес өз каалоосу менен деген пункт бар.

image 27 5 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Плагиатор бул пунктту атайы өчүрүп койгон.

Эске салсак, Мурат Укушевдин ЖМК тууралуу Мыйзамындагы башкы максаттарынын бири – бардык интернет-сайттарды, жада калса LaLafo сайтын да мажбурлоо жолу менен каттоодон өткөрүү аракети. Медиаэксперттердин айтымында бийлик тарап бул мыйзам аркылуу өздөрүнө ыңгайсыз келген ЖМКларды каттоодон өткөрбөй коюу мүмкүнчүлүгүн алат.

Дипломдук иштен плагиат

Концепциянын ортосу №5 пунктунан баштап “Россия Федерациясындагы сөз эркиндигине карата жарандардын укуктарын мыйзамдык жөнгө салуу” темасындагы дипломдук иштен көчүрүлүп алынган. Мамлекеттик маанилүү документке сөзмө-сөз көчүрүлүп алынган төрт барак кошулган.

image 27 1 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Тажик эксперттеринен жана журналдан уурдалган

Бул дагы да аягы эмес. Концепциянын текстинин ортосунда тажик эксперттери Асомиддин Атоев менен Хуршед Курбоншоевдин Cabar.asia сайтында жарыяланган макалаларынан алынган сөздөр бар.

image 27 2 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Концепциянын толук версиясы ушул жерде, Cabar.asia макаласыныкы бул жерде.

Дагы бир бөлүгү РФ ТИМнин Дипакадемиясындагы Ермичева Елена Викторовнанын “Каражаттардын ишмердүүлүгүнүн эл аралык-укуктук аспектиси” аталышындагы кандидаттык ишинен көчүрүлүп алынган.

image 27 3 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Концепциянын толук версиясы ушул жерде, диссертацияныкы бул жерде.

Ал эми бул бөлүк 1999-жылы Беларусь журналында чыккан “Беларусь республикасындагы эл аралык укук жана мыйзамдардагы сөз эркиндигин чектөө критерийлери тууралуу” макаласынан уурдалган.

image 27 4 1 Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Концепциянын толук версиясы ушул жерде, журналдагы макаланыкы бул жерде.

Жөнөкөй анализ жасоо менен биз ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоору түрдүү булактардан алынган 100% плагиат деген жыйынтыкка келдик.

Автордук эмес макалалар

Демек, мыйзамдуу суроо жаралат: эмне үчүн дал Мурат Укушов плагиатор деп аталышы керек? Балким бул ишти президенттин Администрациясынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башка кызматкерлери жасагандыр?

Буга чейин Мурат Укушев тарабынан бул концепциянын өтө көп сандагы пункттары түрдүү интернет-басылмаларда автордук макала катары жарыяланып келгенин аныктадык. Акипресс, Саясий-укуктук изилдөө борбору, Парус.кг, Sayasat.kg сайттарында жана башка булактарда жайгаштырылган макалаларда да бар.

tts Дагы бир плагиат: Мурат Укушов ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын Концепциясын дипломдук иштен көчүрүп алган

Кайталанган плагиат

Буга чейин да журналисттер бир эмес бир нече жолу Мурат Укушовду плагиат менен кармашкан. Маселен, анын “Кыргызстану не обязательно быть «Святее Папы Римского»: Евросоюзда жана АКШда митингдерди укуктук жөнгө салуу. 1-БӨЛҮК” деген “автордук” макаласынын текстинин жарымы РИА Новости порталынан уурдалып алынган. Ал эми ЖМК тууралуу мыйзам долбоору 90% Орусия мыйзамынан көчүрүлүп алынган.

Авторитаризмдин плагиаты

Медиаэксперттер жана юристтер ЖМК тууралуу жаңы мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкалоочу мүнөзгө ээ болот деген пикирде. Эгемен Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги болуп дайым сөз эркиндиги айтылып келген.

Мурат Укушов бир нече ирет ЖМК тууралуу жаңы мыйзам Орусия же АКШга ыктабастан, өзүбүздүн, кыргыздын кызыкчылыктарын көздөшү керек деп айтканы бар.

Бирок иш жүзүндө мыйзам өзү жана анын Концепциясы башкалардын мыйзамынан көчүрүлүп алынып, кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын көздөбөйт. Авторитаризмдин плагиаты болду.

Жыйынтык: Кыргызстанга ЖМК тууралуу жаңы мыйзамды талап кылган Концепция, дээрлик 100% плагиат. Мамлекеттик маанидеги документтин тексти Казакстан, Орусия жана Тажикстан булактарынан көчүрүлгөн.