Айсулуу Тыныбекова эки балбанды жеңип, финалга чыкты

 Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.