“Кара элечек”: Каныкейдин образын жаратып, монолог айткан актрисалар талкууда

Кыргыз драма театрынын актрисалары “Төлгө” спектаклында кара элечек кийип чыгышканы талкууга жем таштады. Белгилүү актриса айымдарды Сара Камалова талкууга койду. 

–Каныкейдин образын жаратып монолог айтышкан. Кара элечек кийгени туура көрүнүшпү, кандай дейсиздер? Илгери күйөөсү каза болуп аза күткөндө башынан ак элечегин чечип кара жоолук салынышкан, бирок кара элечек оронду дегенин укпагам.

Эгер жолдошу каза болуп жесир калса ак элечектин четине гана кара матаны ороп коюшкан деп укканым бар, толук кара түстөгү элечек кийгени жөнүндө кабарым жок. Кара элечек көзгө да жаман көрүнүп дене дүркүрөйт экен. Тээ илгертен эле улуулар бата бергенде “ак элечегиң башыңдан түшпөсүн” деп беришкен, бул дегени өмүрлүк жарың менен өмүр бою жаша, бар болгула дегендей маанини билдирет. Элечек ак түстө болгону көчмөн калк үчүн мааниси чоң, көчүп жүргөндө жолдо белде бала төрөлсө ороончу, бирөө каза болсо кепин болгонун баарыбыз билебиз. Кайдагыны чыгарып кара элечек кийгени туура эмес деп ойлойм спектакль койгон чакта да, – деп пикир калтырган.

Социалдык тармактарда сүрөт кызуу талкуу жаратты.