Бийлик бир катар майрамдарды жокко чыгарууну сунуштады

Фото иллюстративное

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майрам катары саналган; 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүн, 7-апрель Элдик Апрель революциясы күнүн жана 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн, эс алуу майрам күнү эмес, жумуш күнү деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Министрлик аталган майрамдар жалпы улуттук эмес, мамлекеттик майрам болгону менен түшүндүргөн.

Ошондой эле, майрам дем алыш күндөргө туш келип калган учурда эс алууну жумуш күндөрүнө жылдыруу тажрыйбасын жокко чыгаруу демилгеленген.

Тактап айтканда, “Майрам күндөрүн кыскартуу Кыргызстандын экономикасына оң таасир этет. Кошумча майрамдар жана эс алуу күндөрү айлык-акыга кеткен чыгымды көбөйтүп, өндүрүштү кыскартат”, – деп жазылат маалымкатта.

Коомчулукта, 7-апрель окуясын тарыхтан өчүрүүгө аракет көрүлүп жатат дегендер жок эмес. Ошондой эле, эс алуу күндөрүн иш күн кылганда эле дүркүрөп өнүгөт белек, майрамдарда күүлдөп иштеп жаткан өндүрүш токтоп артка кетип жатабызбы дегендер да четтен чыгууда.