Иманалиев Билим берүү министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевди министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген Уланбек Мамбетакунов кызматынан бошотулуп, Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эми Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.