Коргоо министри: “аскердик техникаларыбызды биринчи жолу өзүбүздүн күчүбүз менен оңдоп-түздөй баштадык”

“Соңку 2 жылда Россия бизге аскердик техника жагынан 20 миллион долларлык өтө чоң жардам берди” бул тууралуу КРнын коргоо министри Бактыбек Бекболотов “Эркин-Тоо” гезитине берген маегинде билдирген. 

– Соңку жылдары Куралдуу күчтөрүбүзгө президент тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жатат. Башкы кол башчыбыздын мындай колдоосун сезип жатасыңарбы? 

– Албетте, биз гана эмес, катарыбызда көп жыл кызмат кылып кетишкен ардагерлерибиз баш болуп президенттин өзгөчө колдоосун сезип турабыз. Эң жөнөкөй мисал, бүгүн айлык акыларыбыз кыйла көбөйдү. Өзгөчө авиацияда жүргөн учкучтар, техникалык кызматкерлер, инженерлер коргоо министринен көп маяна алышат. Ушул эле авиация жаатыбыздын кызматкерлерине 30 жылдан бери аскердик кийимдер берилген эмес. Быйыл алардын аскердик формаларын биринчи жолу өзүбүздүн комбинаттан тигип, өздүк курамды кийим менен камсыздадык. Баткенде жайгашкан аскердик бөлүктөрүбүздө кызмат кылышкан жоокерлерибиз менен офицерлердин айлыктары кыйла көбөйдү. Өлкөбүзгө жаңы жетекчилик келгенден баштап канча жылдан бери турган аскердик техникаларыбызды биринчи жолу өзүбүздүн күчүбүз менен оңдоп-түздөй баштадык. Бул жагына каражат кадимкидей көп бөлүнө баштады. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, соңку 2 жылда Россия өлкөсү бизге аскердик техника жагынан жалпы 20 миллион долларлык өтө чоң жардамдарды берди. Биз да президентибиздин колдоосун сезип, алыбыздын жетишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн келишинче аракет кылып жатабыз.

Эске салсак, 2023-жылдын март айында Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Россияда чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү унаа Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген. Атайын техниканы тапшыруу аземине КР Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков катышкан.