“Ишеним телефон иштебейт”: Эрулан Көкүлов министр Иманалиевдин отставкасын талап кылат

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине кирип барган учурдагы видео социалдык тармактарда тарап талкуу жаралган. Видеодо министр менен депутаттын ортосунда кайым айтышуу орун алганы көрүүгө болот.

Депутат Эрулан Көкүловдун бул окуясы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да сөз болуп, айрым депутаттар сын айтса, айрымдары колдогон.

Ал эми депутат Көкулов бул тууралуу журналисттерге өз пикирин айтып, окуя боюнча комментарий берди.

«Мен депутат болмбу, блогерби же журналистпи, ар дайым элдин талабын коргоп келгем жана коргой берем. Айтып кетпедиби этикам, кийингеним боюнча, мен кээ бир жерде макулмун. Бирок тилекке каршы мен өзүмдүн мыйзамым менен колдонуп иштебесем, анда бул жерде иштей албайт экенмин бул жерде. Журналист маалымат алууга кандай укугу болсо, бул жерде депутат катары да менин мыйзамым бар, депутат мамлекеттик кызмат өкүлдөрү тарабынан кабыл алышы керек деген. Колумдагы бар мыйзам менен элдин укугун коргойм. Ал эми менин кийген кийими, сүйлөгөн сөзүм боюнча мага эч ким комментарий бере албайт. “Эрулан түртүп кирди” деген сыяктуу сөздөр ар дайым мени ээрчип келет. Бирок мен мыйзам чегиндн иштейм», — деди ал.

Депутат ошондой эле министрдин кызматтан кетүүсүн талап кыла турганын белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жарандардын суроо-талаптарын каттаган Билим берүү министрлигинин WhatsApp номери иштебей жатканына нааразы болуп, министр Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө кирип барган учурдагы видео тарады.

Анда депутат министрдин кабыл алуусун талап кылган. Иманалиев кезек менен кабыл ала турганын айткан.