Ички иштер министрлигини басма сөз кызматы маалымдагандай ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам маалыматты текшерүү учурунда Бишкек-Торугарт жолунун 23 – чакырымындагы “Тайота Авенсистин” унаасын токтотушуп, текшергенде унаанын багажнигинен көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат жана целлофан баштык табылып, алынган.
Алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана болуп аныкталган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.
![Izobrazhenie WhatsApp 2023 09 06 v 14.47.19 2 Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/09/Izobrazhenie-WhatsApp-2023-09-06-v-14.47.19-2.jpg)