Бишкектин борбордук көчөсүндөгү сквердин салынышына тоскоол болгон акыркы объект буздурулду

Мэриянын басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан объекттин ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан,  капиталдык имарат – «Эки дос» тез тамактануу пункту өз ыктыяры менен демонтаждалды. Капиталдык имараттын жалпы аянты 163 чарчы метрди түзөт.