Борбор калаада дагы бир жашыл аянт ачылат

Учурда шаардын Биринчи Май районунун аймагындагы Нариманская Алтайская көчөлөрүнүн кесилишинде иштер кызуу жүрүп жатат. Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкекжашылчарба”  ишканасынын ландшафтчылары тарабынан 8000 м2 аянтка жер тегиздөө, 5000 м2 жер тилкеси төшөө, авариялык куураган бак-дарактарды бузуу менен 11 даана дүмүрлөрдү жулуп салуу иштери жүргүзүлүп, бардык чарбалык таштандылар атайын техника менен 50 рейс менен чыгарылды, 1150 м2 аянтка брусчатка фундаменти даярдалууда, 600 м2 аянтка брусчатка төшөлдү.

Жакында 800 м2 аянтка газон төшөлүп жана газон чөптүн үрөнү себилет.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 20га жакын кызматкери борбор калаада болочок жашыл  аянтты түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат.