Бакай-Ата районунда тоноого шектүүлөр кармалды

27- 28-августка караган түнү Бакай-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тоноо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Анда Бакай-Ата районунун Түйтө айылында мечиттин жанында белгисиз адамдар 1975-ж.т. Е.А аттуу жаранды ур токмокко алынгандыгын билдиришкен.

Андан тышкары окуя болгон жерге Бакай-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда 2 даана префараторун, 1 болгарка, 1 кабельный пресс, набор ачкычтарын, 1 даана домкратын, 1 даана удлинитель шаймандарын, 1 даана автоунаасынын дөңгөлөгүн жана “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачыктан-ачык ээлеп алып, окуя болгон жерден иизин жашырып качып кетишкендиги аныкталган. Жабырлануучуга болжолу менен 38 миң сомго жакын материалдык зыян келтирилген.

Факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-беренеси менен кылмыш иши козголуп Бакай-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун натыйжасында Бакай-Ата районунун тургуну 1995-ж.т. А.У. жана 1992-ж.т. Н.К.уулу шектүү катары кармалып Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.