ЭКО таксилеринин биринчи партиясын сунушталды

Бүгүн борбор калаа муниципалитетинде ЭКО таксилеринин биринчи партиясы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго сунушталды.

“Муниципалдык ЭКО ТАКСИ” долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга  мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, «Муниципалдык ЭКО ТАКСИ» айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:
– «Муниципалдык экотранспорт» үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу.
– Айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар.
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу.
– атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда  атайын тариф  менен кубаттоо  мүмкүнчүлүгү.  
– Бардык социалдык пакет.

Ошентип, долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.