Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев: «Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамы жумуштан кетиши керек»

«Матчество» боюнча туура эмес кабыл чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамы толугу менен жумуштан кетиши керек». Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында билдирди.

“Бул коомчулукта чоң резонанс жаратты. Элге, улутка бул чечим чоң сокку болду. Абдан уят иш. Кыргызга мындай кыянатчылык кылган, элдин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек эле. Андыктан мен Конституциялык соттун төрагасы баш болгон курамын токтоосуз түрдө кызматтан кетишин талап кылам. Алардын чечимин оңдоо үчүн Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоору киргизилди. Бүгүн аны карап чыгалы”, — деди спикер.