Камчыбек Ташиев «матчество» боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда ал коомчулукта талкууга алынып жаткан «матчество» тууралуу пикирин билдирген.

«Эч кандай «матчество», муну кимдер кабыл алса ошолор кайра жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык позициям»,-деп жазган Ташиев.

WhatsApp Image 2023 07 08 at 14.19.37 Камчыбек Ташиев «матчество» боюнча үн катты

 Белгилей кетсек, “Матроним” маселеси коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, ар кандай пикирлер айтылып жатат.

Конституциялык сот 18 жашка толгон балдардын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графанын ордуна энесинин атын жаздырууну жактаган чечим чыгарды. Бул тууралуу 2-июлда сотко бул маселе менен кайрылган жазуучу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, сот министрлер кабинетине «теңчиликтин принциптерин бузууга жана гендердик белгилери боюнча басмырлоого тыюу салууга шарт түзүү» үчүн расмий документте энесинин атын (матчество) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү сунушун киргизди.