“Бизге асылбай эле коюңуз”: Адахан Мадумаров менен Нурланбек Шакиев кайым айтышты

Бүгүн, 18-апрелде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен Нурланбек Шакиев кайым айтышты.

Жыйында депутат Шакиев Мадумаровдун депутаттар жөнүндө айтканына наарызы болуп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, сиз акыркы убакта жалпыбызды өзүңүз каалагандай айтып, таарынычыңыз менен ички күйүтүңүздү бизден чыгара турган болдуңуз. Кыргызда «сыйга сый, сыр аякка бал» деген жакшы сөз бар. Биз сизди ушунча сыйлап, урматтап келе жатабыз. Сиз дагы сыйга тең болуңуз.

Эч ким биздин колубузду байлабайт, ага жол бербейбиз. Бул жерде ар бир депутаттын өзүнүн ою бар. Сиз жеке өзүңүз үчүн жооп бериңиз. «Жалпы депутаттар колдоп бересиңер» деп жатасыз. Ал нерсе ар бир депутаттын өзүнүн иши. Өз пикриңизди билдириңиз, бирок бизди кошпоңуз. Бизге асылбай эле коюңуз»,-дейт Шакиев.

Ал эми Мадумаров өз пикирин айтканга тийиштүү экенин белгиледи.

«Сөз ээсин табат. Мен Шакиев деп айткан жокмун, депутаттар азыр колдоп бересиңер дедим. Бирөөңөрдүн дагы атыңарды атаган жокмун»,-деди Мадумаров.

YouTube video