Кыргызстан менен Казакстандын Ички иштер министрлери Меморандумга кол коюшту

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 24-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Жетекчилер ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.


Улан Ниязбеков белгилегендей, биздин ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү биздин биргелешкен ишмердүүлүгүбүзгө гана эмес, эки элдин бир туугандыгына да негизделгени күмөнсүз, бул албетте жалпы аракеттердин жыйынтыгына оң таасирин тийгизерин өзгөчө белгиледи. Бүгүнкү жолугушуу биздин ишмердигибизде пайда болгон маанилүү маселелерди талкуулоого жана чечүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтты.
Өз кезегинде Казакстандын ИИМдин башчысы Марат Ахметжанов ведомстволор аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар боордош өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын достук жана көп пландуу мүнөзүн баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында мындан ары да бекемделе берээрине ишенимин билдиришти.

cda6aedd 2cc0 4156 990d c392e3c78291 Кыргызстан менен Казакстандын Ички иштер министрлери Меморандумга кол коюшту