Жамбыл облусунан абактан качып кеткен адам Таластан кармалды

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-август күнү 2029-аскер бөлүгүнүн Сатыкей чек-ара заставасынын башчысы майор Алтайыр Токтогуловдун жана Жабыл облусунун полиция кызматкерлери Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунан абактан качып кеткен Чүй облусунун тургуну 1991-ж.т. К.С. аттуу жаран мыйзамсыз чек араны бузуп кеткендигин кабарлаган. Билдирүү Айтматов РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган.

“Айтматов РИИБдин ЭММКАКтын улук ыкчам өкүлү жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Айтматов районунун Үч-Булак айлында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 378-беренеси жана КЖПК 96, 97-беренеге ылайык кылмыш иши козголуп Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.