Казакстанда «Царьград» телеканалы жабылды

Казакстанда олигарх Константин Малофеевге таандык, орусиялык «Царьград» телеканалы жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик буга чейин телеканалга экстремизмди үгүттөө айыбы менен төрт жолу эскертүү берген. Акыркысы “Казак улутчулдары Жеңиш күнүнүн алдында орус аялдарын коркутуп жатат” аттуу макалага байланыштуу болгон. Казакстанда жабылган ресурстарга байкоо жүргүзгөн Kaz Blocking Tracker сайтынын ырасташынча, телеканал азыр Казакстанда бөгөттөлгөн.

“Роскомсвобода” долбоору билдиргендей, 2020-жылдын июль айында YouTube экспорттук мыйзамдарды бузгандыктан “Царьград” каналын жаап салган. 2022-жылы Кремлдин пропагандасын жайылткан жана Орусиянын Украинага карата агрессиясын актаган ресурс катары телеканалга санкция киргизилген.

Орусиялык ишкер, “Царьграддын” негиздөөчүсү Константин Малофеев да Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесинде.