СҮРӨТ: синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери башталган.

Ведомстводон билдиришкендей, иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата КР укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын маалымдалган.