Бишкек-Ош жолунда катталган автокырсыктан 5 адам каза болду

Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 23-августта аталган жолдун 244-чакырымында болуп, Хонда Фит менен Тойота Клюгер кагышкан. Кагылышуунун кесепетинен Хонда дарыяга кулап, андагы 7 адамдын 5и каза болгон.

Каза болгондор: айдоочу – Ноокен районунун тургуну, Базар-Коргон районунун Чкалова айылынын тургуну (аял киши) жана анын 4, 7 жана 15 жаштагы кыздары.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум аял 4 баласы, жолдошу менен Орусиядан кайтып келе жатышкан. Аялдын күйөөсү жана 13 жаштагы уулу ооруканага жеткирилген.

Экинчи Тойота Клюгер унаасында 5 адам болгон, бардыгы Аксы районунун Аркыт айылынын тургундары. Бардыгы ар кандай жаракаттар менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Төртөө хирургия бөлүмүнө жаткырылды.