Таласта Ошко бараткан 4 адамды сабаган шектүүлөр кармалды

Таласта Ош облусунун 4 тургунун сабаган шектүүлөр кармалды, деп билдиришти облустук милициядан.

Маалыматка караганда, 31-августтан 1-сентябрга караган  түнү whatsapp тиркемеси аркылуу интернет булактарына белгисиз жарандарды  “Оштуктар өтпөй калат бул жолдон”- деп коркутуп жаткан видеотасма тараган.

Видеотасмада беттери  кан  болуп, аларды Ош облусунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү оюунунун аягында болгон  чатакты себеп кылып, белгисиз жарандар 4 адамды коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошол эле заматта,  Талас ОИИБдин жана  облустук ШРИИБдин өздүк курамы   толугу менен көтөрүлүп, Манас районунун Чоң-Капка чек  ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы  автожолунда атайын посттор коюлган.

Талас  ОИИБдин кызматкерлери УКМК менен биргеликте ыкчам иш алып барууларынын негизинде окуяга тийиштүү жарандар аныкталган.

Видеодо беттери кан болуп турган 4 жаран Ош облусунун тургундары жана  “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү авто унаа менен Россиядан чыгып, Казакстандан өтүп, Тараз— Талас— Суусамыр авто жолу аркылуу  Ош облусуна кетип бара жаткандары   аныкталган.

Бүгүн, 1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө камсыз болушту. Алар Талас облусунун 1995-жылы туулган М.уулу Н, Р.Б., К.уулу Ш., А.А., Р.Б. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КЖКнын 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.