Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 7-сентябрда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери Л. Толстой жана 7-апрель көчөлөрүндө «Acura max» маркасындагы унааны жол эрежесин бузганы үчүн токтотушкан.
Документтерди көрсөтүү талап кылынган учурда, жогоруда аталган унаанын ичиндеги жүргүнчү унаадан түшүп, эч себепсиз кызматкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, каршылык көрсөтүп, мыйзамдын талаптарына баш ийбеген.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына 1980-жылы туулган А.А., аттуу жаран алынып келинип, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.