Свердлов районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталды

Муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөө боюнча рейд жүргүзүштү.
Жыйынтыгында 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акт түзүлдү.
Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн: жеке жактар үчүн – 1000 сом, юридикалык жактар үчүн – 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.