Умбриэль Темиралиев Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды.

Аны дайындоо жөнүндө тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Президент Садыр Жапаров 7-сентябрда Темиралиевди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси кызматынан бошоткон.