Президент Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын Партиялык комитетинин Катчысы Линь Уну кабыл алды.

Маданий-гуманитардык, туристтик жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын май айында Шаньдун провинциясына болгон жемиштүү сапарын жана Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Линь У менен жолугушуусун жылуу маанайда эстээрин, ошондой эле Кыргызстан менен провинциянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү пландарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кытайга болгон сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын облустун экономикалык, социалдык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, бир катар ишканаларды кыдырып, эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда ишкердик байланыш түзүүгө болгон жакшы мүмкүнчүлүгүн эске салды. Буга байланыштуу Президент Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантуу зарыл деп эсептейт.