
Бүгүн Бишкектин Асанбай кичирайонундагы бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
Жылуулук жана ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу берилбейт:
- Асанбай кичирайону: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27-үйлөр;
- А. Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б-үйлөр.
“Оңдоо иштерин бүгүн кечке чейин аяктоо пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.






