
Президент Садыр Жапаров шайлоо алдында “түштүктө өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгаргысы келген, арам ойлуу саясатчылар” тууралуу маалымат алганын 12-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жапаров бул азырынча сөз болгону менен ишке ашып кетүү коркунучу бар экенин белгилеп, элди мындай азгырыктарга жетеленбөөгө чакырды.
“Айрыкча, ошол эки жаңжалды башынан кечирген орто жаштан өтүп калган өзбек-кыргыз аксакал, көксакалдар, сиздер ошол жаңжалдарды көрбөгөн азыркы каны кызуу 20-25 жаштагы жаш балдарга жаңжалдын кесепеттери кандай трагедиялуу болорун эскертип туруңуздар. Жаңжалды көрбөгөн жаш балдар бир гана бийликти көксөгөн арам ойлуу чагымчылдардын куурчагы болуп кетишпесин. Мен муну коркуп айтып жаткан жерим жок. Мен эскертип, “алдын алалы” деп айтып жатам”, – деп жазды Жапаров.
Президент кимдир бирөөлөр чагымчыл кептерди айтып, иш-аракеттерди баштаган болсо, аны байкаган жарандарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) же Ички иштер министрлигине (ИИМ) кабарлоого чакырды.
Жапаровдун пикиринде, буга чейин “Кытай темасын көтөргөндө эл ээрчибей койгону үчүн эми өзбек-кыргыз маселесин ойлоп табышкан”.
Мамлекет башчы мындай аракет көргүсү келген саясатчыларга кайрылып, ниетинен баш тартууга чакырды жана чагымчылыкты аныктоого мүмкүнчүлүгү кеңири экенин эскертти.
Билдирүүдө кайсы саясатчылар жөнүндө сөз болгону айтылган жок.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Учурда шайлоого талапкер болуу үчүн 10 саясатчы Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Алардын арасында президент Садыр Жапаров да бар.
Мамлекет башчысы буга чейинки билдирүүлөрүндө шайлоо ачык атаандаштыкта өтөрүн, эч кимге бут тосуу болбой турганын бир нече жолу айткан.






