Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өтөт

Бишкектин төрт районунда ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жарманкелерде ата мекендик өндүрүүчүлөр өз продукцияларын ортомчуларсыз, түздөн-түз сатып алуучуларга сунушташат. Тургундар азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:

  • Биринчи май району: Т.Усубалиев атындагы эски аянт. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин;
  • Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38 (Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабы). Саат 09:00дөн 19:00гө чейин;
  • Октябрь району: А.Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Саат 08:00дөн 18:00гө чейин;
  • Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Фере көчөсү, 33/1а (мурдагы мал базардын аймагы). Саат 07:00дөн 15:00гө чейин.

Иш-чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.

Жарманкелердин максаты – жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.