
Бактыбек Калмаматов Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин көрсөттү.
Ал бүгүн, 11-ноябрда талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Бактыбек Калмаматов 1984-жылы 20-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Совет айылында туулган. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.






