
Жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек
Койчубековичке катуу сөгүш берилди. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак Ордодон” кабарлашты.
Белгилесек, 14 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчадагы тоого жалгыз чыккан. Ошол күнү кечинде ал куткаруучуларга чалып, адашып калганын билдирген.






