
Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына шайлоого катышуу үчүн зарыл болгон 30 миң колду топтоду. Бул үчүн ага Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) өзүн өзү көрсөтүү тууралуу арыз бергенден кийин бир суткадан аз убакыт талап кылынды.
Президентти 40 миңден ашуун адам колдоду.
Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түшкөн. Садыр Жапаровдон тышкары шайлоого Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Исхак Масалиев, Азамат Эсенбеков жана Акай Кыдыров катышууну көздөп жатышат.
Соңку маалыматтар боюнча, Жапыкеев 18 миң 600дөн ашык кол топтоду, Касенов — дээрлик 15 миң 600, Масалиев — 10 миң 400, Эсенбеков — 8 миң 500, ал эми Кыдыров — 4 миң 900.
Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат.
Талапкер болуп катталуу үчүн талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун колдоосун алышы керек. Кол чогултуу электрондук форматта «Түндүк» мамлекеттик порталы аркылуу жүрүүдө. Буга чейин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мыйзам кагаз түрүндө да кол чогултууга уруксат берерин түшүндүргөн.






