
Бишкекте курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Октябрь РИИБине А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин башкы директору Э.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, шектүү 2021-жылдын апрель айынан 2025-жылдын май айына чейинки мезгилде анын ишенимине кирип, борбор калаада курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылуу менен 2 миллион 924 миң 986 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган.
Кийинчерээк арыз ээсине үлүштүк курулуш келишимин башка курулуш компаниясына кайра тариздөө сунушталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин убада кылынган батир берилген эмес жана келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган эмес.
Бул факты боюнча 209-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






