
Бүгүн, 12-ноябрда Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды.
Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын президенттик кызматына 10-талапкер болуп катталды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу бүгүн түн ортосунда аяктайт.
Мамбетжунус Абылов 1954-жылы 1-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаз-Кечүү айылында туулган — кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмери, дипломат, экономика илимдеринин кандидаты, генерал-майор.
1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун «инженер-куруучу» адистиги боюнча аяктаган. Кийинчерээк С. Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасында окуган.
Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматы: 1995–1996-жылдары КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын (БШК) жетектеген.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы (1998–2003) жана Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангына ээ (2005). Кемпир-Абад иши (2022-жыл) боюнча айыпталуучулардын катарында болуп, кийинчерээк сот тарабынан акталган.






